Депутат: "Каада-салт, үрп-адатты мыйзамдаштыруу туура эмес"

Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Улуттук баш кийим ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору талкууланууда.

Мыйзам долбоору 1-окууга киргизилип, демилгечи депутаттардын бири Экмат Байпакбаев бүгүнкү күндө ак калпак өлкөнүн визиттик карточкасы болуп калганын белгиледи.

"Тилекке каршы, калпакты итке кийгизген фактылар да болду. Бул мыйзам долбоорунда улуттук баш кийимди коргоо меселеси көтөрүлүүдө. Мазактоого жол бербөө керек", - деди депутат.

Буга депутат Дастан Бекешев: "Жазылган жана жазылбаган эрежелер бар. Жазылгандарына мыйзам кирет, ал эми жазылбагандарына үрп-адат, адеп-ахлак жана башкалар кирет. Каада-салтты, үрп-адатты мыйзамдаштыруунун өзү туура эмес. Мындан кийин комуз, боз үй, элечек жөнүндө мыйзам долбоорлору да келет анда.

Бул жерде калпакты кантип кийиш керек, кантип сатыш керек деген тартипти сунуштайт деп жатасыңар. Бирок бул ашыкча болуп калат го. Жаштар ансыз деле калпакты коргоону колдоп жатышат, башка улуттун өкүлдөрү да баалайт", - деди Бекешев.

Экмат Байпакбаев: "Биз ошону сунуштап жатабыз. Ак калпакты коргойбуз", - деди.

Буга Бекешев: "Ирет-ирети менен калыпка түшөт. Мыйзам кабыл алуунун кажети жок", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан