"5 баламды таштанды чогултуп багам, жолдошум - селсаяк" деген Нургүлдүн кайнежеси: "Келинибиз айылдагы үйүн таштап, шаарга келе берген" (толукталды)

25-февралда SUPER TV Бишкектин четиндеги Алтын-Казык жаңы конушунда таштанды терип 5 баласын жалгыз багып жаткан 31 жаштагы Нургүл Бекиеванын турмушун баяндаган. Каарман күйөөсү селсаяк болуп кеткенин, өзү болсо күнүнө 200-300 сомдой каражат таап күн көрүп жүргөнүн айткан.

Бекиеванын тагдырына кайдыгер карабаган жарандар тынымсыз байланышка чыгып, жардам берүүгө далалат кылышууда.

Макала интернет айдыңына кенен тарагандан кийин SUPER.KG порталына анын кайнежеси Мыскал Жусупбекова байланышып, келинди 5 баласы менен кароосуз таштабагандарын айтты.

Анын айтымында, Бекиева айылга жашабайм деп, балдарын алып шаарга өзү келген.

"Өзүбүз Оштун Кара-Кулжа районунан болобуз. Учурда бир туугандардын көпчүлүгү Орусиядабыз. Келинибиз Нургүл айылда жашаганды каалаган жок окшойт. Кайненесинин каза болгонуна бир жылга жакындап калды. Ооруп төшөктө жаткан кайненесине балдарын таштап, Бишкекке кетип калган учурлары да болгон. Кайната, кайненеси айылда кадыр-барктуу кишилер болчу. Алар каза болгондон кийин мал-жанын саттырып, иним менен кошо шаарга кетип калышкан.

Инибиз ичкенде ичет, бирок биротоло ичип селсаяк болуп кетти дегени туура эмес. Айылда 3 бөлмөлүү конок үйү, анын жанында 3 бөлмөлүү времянкасы бар. Дыйканчылык үчүн бир нече үлүш жери да бар. Ошол жакта жашап, балдарын чоңойтсо болмок да. Иним уста, айылда устачылык менен болсо да балдарын бакмак. Жакшынакай үйүндө балдарын тарбиялабай, таштанды терип чоңойткон балдар кийин кандай болот?

Келинибиз тууралуу сиздердин макалаңыздар чыккандан кийин аны менен байланышып "балдарыңды алып айылга көчүп баргыла, кем-карчыңар болсо жардам берип, каралашып турабыз" десек, "иниңерге башка аял алып бергиле, мен тоого барып жашабайм" деп койду", - деди Жусупбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (47)
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-02-27 19:47:52
Иниси бесаат чыгыптыр да.
+2
Nurdinur
2019-02-27 22:17:37
Бишкекте мынтип жашагыча айылда жашаса болмок
+1
expert.007
2019-02-27 22:29:24
Nurdinur,Айылда жашоо жакшы болсо шаарга келмек юеле.
+6
ikitaidesu
2019-02-28 13:43:17
Nurdinur,айылда кантип күн көрөт? Макала гезитке чыкпай туруп колдоп коюшса болмок. Бирок Аллахым баарыбыздын ырыскыбызды кенен кылсын!!!
+2
aminali
2019-02-28 00:26:36
Бактылуу болсун 5 баласы менен! Келиндин уну элге жеткиче, кайын журту кайда эле?Жок дегенде оз инисин 1 эле баш ко, батырышпайбы?Келин озу менен 6 кишини багып жатыптыр ээхххх.
+9
raykray
2019-02-28 01:10:33
Ой азыр ата энеси бар келинди канча кылат кайнжурт!!! Анан бул келинди жон койбойтда кайн эжежан! Ошентип инисин бомж кылды келинди кууп тынды! Жаман келин болсо мусор терип балдарын бакмак эмес! Жакшы учун сабыр кылып багып журот балдарын!
+11
zhykyo
2019-02-28 13:44:07
Дагы жакшы балдарын таштабай багып жатыптыр чыдап
+5
bema10
2019-02-28 13:51:45
Эми ушунча болуптур, кечке эле жамандай бербей карабайбы эми. Улам сайын гезитке чыгып, суроттордон бери жиберип, толуктап улам сайын.
Демек куйоосу ушул убакка чейин толук камсыздай алган эмес. Ичкен киши менен ким жашасыгы келет. Куйоосу эмес, кайын эжеси эле чыгып жатат го. Же баягы бизнесмен уй салып берем десе, ошого коз арттыбы, же ичи куйдубу?
Келинге жардам болсо, озу эле тынч балдары менен жашоосун откорсо дейм.
+4
titanik32
2019-02-28 14:03:15
Эми айылда үйү болгон менен 5 бала эмне үйдү жейби?Кичине шаарга эл көп жерге барып нанга тыйын таап балдарымы багайын десе керек да келин.Айылда тоодо аюнун деле үйү бар (үңкүрү).Анан жогору жакта бирөө Кара кулжа тилдүү келет депсин,сенин тилиң жок макулуксунбу.Жазганда көк мээң менен бир аз ойлонуп жазгыла.Азыр заман башка.
+16
Dilbaranurdinova
2019-02-28 14:16:04
Эч качан келинди жакшы дешпейт озу келин жакшы болсо озунон озу кететмиш
+7
Moskow83
2019-02-28 15:30:14
Кечиресиздер! бул айылда бак дарак оспойбу? же тоого жакын, мал караганга ынгайлашкан айылбы? алыс алыс жайгашыптыр уйлор. бул келин эми айылда жашап балдарын карасын деген менен .(кайнежеси айткандай) бул шартта кантип балдарын чонойтот. азыр заман башка айылда иш жок. жаштар шаарга агылып атат
+7
taku88
2019-02-28 17:55:43
Moskow83,бар осот булар четирээк жакта окшойт
0
Tiken
2019-02-28 17:24:00
Ой ХХХХ келиииин... фотосунда эле турбайбы ХХХХ экени... бирок кантсе да 5 баласын талаалатып тентиретпей озу багып олтурганы жакшы экен. Оз баласын олтуруп же таштап деле кетип жатышпайбы. Баарыбир калктын аялуу катмарында экен уй-було. Куйоонду таап келип балдарына ата кылып бер башка куйоо эч качан сенин балдарына ата болбойт!!!
-2
raykray
2019-03-01 11:07:28
Tiken,куйоосун алып келсин ал эркек эмне жумуш кылат? Кантип багат? Тиягы турса эле эркекпи? Эркек болсо суйлоп жообун берет эле. Ажылдаган эжеси эле чыгат. Элдерге ХХХХ ачпай эжеси алып барып баксында кыйын болбой!
+1
Aznazalai
2019-02-28 17:29:18
Бул жер каракулжанын калпак деген жери окшойт.Бул жер арпа буудай айдаганга ынгайлуу жер эле негизи.Мен бирок келинге дагы ишенбедим.Жакшы аял жаман куйоону да хан кылып алат.Айылда зынкыйып тиргилик кылганга не жетсин.эми Аллахым хидаят берсин
-1
Djal1987
2019-03-01 02:12:54
Aznazalai,хан кылганга милдеттуу эмес. Конулу болсо кылат конулу болбосо оз эрки, значит куйоосу начар хан боло албаган. Лолунун эле эркеги болдунар аялды кутуп качан хан кылат экееееен мени бир аял деп....
+2
asefsa
2019-02-28 18:22:50
Байкуш эле аялдар,аял ит жандуу келет деген соз бекеринен чыкпаганда,эми ичип кочодо калган куйоосунда таап келип беш баласына кошуп алтынчы бала кылып багып, хан кылып чыгарыш керек экенда
+3
Haanykeeim
2019-02-28 19:38:08
Айылда жашаш кыйын дейбиз,тиричилик каерде болсо да өтө берет Кудайым ырыскы берсе. Башкалар айылда эле жашап жатпайбы. Болгону айылдын турмушу оор ошон үчүн шаарга жеңил оокатка качышат баары..
+2
meni_kut
2019-02-28 20:46:08
Haanykeeim,Айылда жашайбыз алма тушум,эгин эгип жан багабыз,а мына суроттогудой тоодо жашагандардын малы болбосо ач калышат.Жакшы жашоодон ким кетсин.
-1
hello.kg
2019-02-28 20:51:59
Бугачейин неге жардам бербединер,эми да ичи тарып,уй салып берет десе.Качан эле кайнеже келин тарап болсун
+2
Salman1993a
2019-03-01 23:10:30
Баарына жараткан жалгыз Аллах өзү күбө! Бирөөнүн турмушу бирөө үчүн чытырман токой. Медалдын эки тарабы бар. Ошончо жаман эр болгон болсо эмнеге беш бала төрөдү ошол жаман эрден?... Аю болсо да эрим, үңкүр болсо да үйүм деп Айылда эле малын карап тиричилигин кылса өзүнө, балдарына жакшы болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан