Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Күрөө жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралууда.
Мыйзам долбоору турак жай-камсыздандыруучу кредиттик компаниялардын ченемдик укуктук базаларын түзүү жана алардын ишке ашуусун камсыздоо максаттарында иштелип чыккан. Мыйзам долбоору менен турак жай-аманат кредиттик компаниясын түзүү, ага жарандар 3 жыл депозит катары каражат салып, кайра узак мөөнөттүү, максаттуу кредит алуусу каралууда.
Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутаттар мугалимдер менен медицина кызматкерлери турак жай алуусу үчүн ыӊгайлуу насыя берүү жагын караштырууну сунушташты. Ошондой эле депутаттар мындай шарттарда кепилдик маселеси кандай болоруна кызыгышты.
Буга улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов: "Кепилдикти турак жай-аманат кредиттик компаниясы берет. Турак жай-аманат кредиттик компаниясына 3 пайыз менен депозит салынмакчы", - деди.
Кыргыз Республикасынын каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов берилген тапшырмага ылайык, мугалимдердин айлыгын жогорулатуунун үстүндө иштеп жаткандыгын, жакында долбоор киргизиле тургандыгын билдирди.
Депутат Айнура Осмонова: "Жаӊы мекеме түзбөй эле мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишин элдин кызыкчылыгына жакшыртса болбойт беле?" - деген суроо узатты.
Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров "бул эки мекеменин функциялары бири-бирине дал келбейт" деди.