Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын эки тургуну Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жолдошту. Анда жарандар Кыргыз өлкөсүндөгү сотторго, укук коргоо органдарына ишенбей турганын билдиришкен.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз жарандары Орусиянын президентине кайрылып жатат. Бул элдин Кыргыз бийлигине ишенбей калганынын белгисиби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев жооп берди.
Ал жарандар жергиликтүү бийликке ишенбегендиктен ушундай кадамга барышты деген оюн айтты.
“Албетте, Орусиянын президентине кайрылгандары туура эмес. Акыйкаттык таппай коңшу өлкөгө кайрылып жатканы биз үчүн өкүнүчтүү. Мындай кадамга баруу укук коргоо органдарына, сотторго, жергиликтүү бийликке ишенбегендик деген ойдомун. Бул көйгөйдү убагында президентке жеткирбеген өкмөттүн өкүлү, ошол жердеги акимдердин да күнөөсү бар. Биздин мамлекет үчүн, албетте, бул уят нерсе. Бирок мамлекет, өз мыйзамдарыбыз болгондон кийин намыс болуш керек.
Биринчиден, ал маселени Владимир Путин карабайт, экинчиден, жаран катары, патриот катары мындай кайрылганы туура эмес көрүнүш. Ошол эле учурда маселени убагында карап, кайрылган калктын көйгөйүн чечпеген жергиликтүү бийликтин күнөөсү эбегейсиз чоң”, - деди Тиллаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Махабат Мавлянова, Аалы Карашев, Марлен Маматалиев, жарандык активист Айбек Мырза жана коомдук ишмер Ишенбай Кадырбековдун жообу бул шилтемеде.