Депутат Аалы Карашев: "Эл Кыргыз бийлигине ишенбей калды дегенге кошулбайм"

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын эки тургуну Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жолдошту. Анда жарандар Кыргыз өлкөсүндөгү сотторго, укук коргоо органдарына ишенбей турганын билдиришкен.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз жарандары Орусиянын президентине кайрылып жатат. Бул элдин Кыргыз бийлигине ишенбей калганынын белгисиби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев жооп берди.

Ал жарандар өзүбүздүн эле президентке кайрылышы керектигин айтты.

“Башка мамлекеттин өзүнүн жарандары кайрыла турган мыйзамдары бар. Биздин жарандар өзүбүздүн жетекчиликке кайрылышы керек. Интернет аркылуу ачык-айкын кайрылуу жолдосо болот. Коомчулуктун баарына жеткирсе, реакция болмок. Эл Кыргыз бийлигине ишенбей калды дегенге кошулбайм. Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз мамлекетине келет дегенден улам кайрылуу жасап жатышса керек. Башка мамлекеттин башчысына кайрылбай, өзүбүздүн президентке кайрылса туура болмок”, - дейт Карашев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Махабат Мавлянова, Таабалды Тиллаев, Марлен Маматалиев, жарандык активист Айбек Мырза жана коомдук ишмер Ишенбай Кадырбековдун жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан