Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын эки тургуну Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жолдошту. Анда жарандар Кыргыз өлкөсүндөгү сотторго, укук коргоо органдарына ишенбей турганын билдиришкен.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Кыргыз жарандары Орусиянын президентине кайрылып жатат. Бул элдин Кыргыз бийлигине ишенбей калганынын белгисиби?" деген соболуна коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков жооп берди.
Ал бийлик эл эмнеге ишеним көрсөтпөй жатканын аныктап чыгышы керек деген пикирин айтты.
"Элдин бийликке ишенбей Орусиянын президентине кайрылып жатканы жаман симптом. Бул биздеги сот системинин адилеттүү болбой калганын көрсөтүп жатат. БУУнун Адам укуктары боюнча комиссиясына Өмүрбек Текебаевдин ишинин материалдары кетпеди беле. Ошол да Кыргызда мыйзам так иштебей жатканын көрсөтүп жатат. Бул маселенин тегерегинде биздин бийликтегилер иштеши керек. Президент болобу, өкмөт башчысы болобу эл бир гана нерсени талап кылат - бул акыйкаттык. Азыр канчалык коррупция менен күрөшүп жатабыз деп айтышканы менен эл башканы көргөндө ишенбей калат. Бул бийликке чоң сигнал. Алар эмне себептен ушундай болуп жатканын аныктап чыгышы керек. Соттор тууралуу болсо эмнеге алар мыйзам тегерегинде акыйкат чечим чыгара алышпай тураганын билүү зарыл. Эмне үчүн саясий куугунтук болуп жатат деп БУУга кайрылып жатышат? Нааразычылыктар күчөп чоңоюп, жарылып кетет", - деди Кадырбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Махабат Мавлянова, Таабалды Тиллаев, Аалы Карашев, Марлен Маматалиев, жарандык активист Айбек Мырза жана коомдук ишмер Ишенбай Кадырбековдун жообу бул шилтемеде.