Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңеште айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 3-окууда каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, бир катар чет өлкөлөр менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрында аяктайт, ошондон улам келишимдерди азыртан узартуу зарыл. Мыйзам долбоору 1-окууда каралганда өкмөт мурда келишим түзүлгөн 45 өлкөнүн тизмесине дагы 10 мамлекетти кошуу, 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартуу сунушун берген. Алар: Болгария, Кипр, Румыния, Черногория, Андорра, Бразилия, Сан-Марино, Чили, Аргентина, Оман. Тармактык комитет ал тизмеден 3 өлкөнү - Болгария, Румыния, Кипрди алып салган.
Күн тартипке ылайык, жыйында 4 маселе талкууланат.