"Мектептерде мыйзамсыз каражат чогултууга тыюу салынса деле ыктыярдуу колдоочулар болуп калышы мүмкүн" дейт шаардык билим берүү башкармалыгынын адиси

“Ата-энелерден бир топ кайрылуулар түшкөндүктөн, мектепке балдарды кабыл алууда талап кылынган көмүскө колдоочу каражатты жокко чыгаруу зарылдыгын айтып келгенбиз", - деп "Парламент" радиосуна депутат Тазабек Икрамов билдирди.

Анын айтымында, мектепке кабыл алынуучу балдардын электрондук кезек аркылуу тейлениши да иштин ордунан козголгондугун көрсөттү.

"Мектептер бир гана мамлекеттин же колдоочулук кыла турган ата-энелердин гана колун карабай, жеке чакан чарбалык иштерди да жолго салып, керектөөлөрүн өз алдынча чечүүнү тажрыйбалап баштаптыр", - дейт эл өкүлү.

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Жайнагүл Сапалова мектептерде мыйзамсыз каражат чогултууга тыюу салынганын белгиледи. "Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын буйругу менен мектептердеги мыйзамсыз каражат чогултууга тыюу салынды. Ошентсе деле ыктыярдуу колдоочулар болуп калышы мүмкүн. Алар атайын фонддор аркылуу иш алып барат" , - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Makain
2019-02-28 10:18:30
Баары эле акча алып жатат бербесең балаңа кысым кылат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан