27-февраль күнү Түркмөнстандын борборундагы "Ашхабад" стадионунда жергиликтүү "Ахал" футболдук клубу менен Оштун "Алай" клубу АФК Кубогунун алкагында жооптук беттеш өткөрдү.
10 миң 500 күйөрмандын коштоосунда өткөн беттештин 35-мүнөтүндө "Ахалдын" оюнчусу Мердан Курбановдун голу оюндагы жалгыз гол болуп, талаа ээлери минималдык эсепте жеңишке жетти. Муну менен жалпы 3:1 эсебинде жеңилүү ызасын тарткан "Алай" клубу мелдештен четтеп калды. Ал эми түркмөнстандык клуб мелдештин тайпалык баскычына өтүү үчүн Тажикстандын "Худжанд" командасы менен ойнойт.
Белгилей кетсек, аталган эки команданын алгачкы беттеши 20-февралда Оштогу Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондо өтүп, 2:1 эсебинде коноктор жеңип алган.
Буга чейин "Алай" жана "Ахал" клубдары расмий беттештердин алкагында 3 жолу беттешип, эсеп саны 3 жолу тең түркмөнстандык команданын пайдасына чечилген.