Huawei Mate 20 Pro былтыркы жылдын эң мыкты смартфону аталды. Mobile World Congress 2019 эл аралык көргөзмөсүнүн калыстары аталган смартфонду 2018-жылдын эң мыкты смартфону деп табышкан. Маалымат көргөзмөнүн сайтында жарыяланды.
Эл аралык көргөзмө 25-февралдан 28-февралга чейин Барселонада өтүүдө. Технология тармагындагы эксперттер, мобилдик операторлор, журналисттер смартфондорду 30дай номинациянын алкагында баалап чыгышкан.
Эң мыкты смартфон наамына Huawei Mate 20 Pro телефонунан тышкары iPhone XS Max, Google Pixel 3, OnePlus 6T жана Samsung Galaxy Note 9 смартфондору да ат салышкан. Өткөн жылы эң мыкты смартфон болуп iPhone X табылган болчу.
Huawei Mate 20 Pro буга чейин дагы Business Insider'дин версиясы боюнча мыкты делген 20 смартфондун катарына кирген. Ал эми Business Insider'дин версиясы боюнча Кытайдын OnePlus 6T смартфону мыкты деп табылган. Huawei Mate 20 Pro смартфонун Бишкектеги смартфон сатуучу бир нече ишенимдүү дүкөндөр түйүндөрүнөн сурап, сатыкта жок болуп жатканын билдик. Баасы болжол менен 50 миң сомдун айланасында.