Эл өкүлү: "Инвесторлорго жардам берүүнүн ордуна Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Айыл чарба министрлиги алардан кум, шагыл иштетүүгө маалым кат алуу үчүн 500-1000 доллар сурашууда"

"Инвесторлорго жардам берүүнүн ордуна Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Айыл чарба министрлиги алардан кум, шагыл иштетүүгө маалым кат алуу үчүн 500-1000 доллар сурашууда. Ушинтип отурсак өлкө экономикасын кантип өстүрөбүз?" Бул тууралуу депутат Улан Примов бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

"Ушу тапта президент коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп жатат. Менимче, министрликтердин мындай жосунун аны жокко чыгаруу аракети катары бааласак да болот. Өнөр жай комитетинин башчысы Эмил Осмонбетов жалгыз өзү эч нерсеге жетишпейт. А тигилердин кылганы ушул. Инвесторлор лицензия ала албай отурат, демек, салыктык төлөмдөр түшпөйт, бюджет толбойт, калк көйгөйү чечилбейт деген сөз. Өкмөт тезинен чара көрүп, бул маселени чечип бериши керек", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан