Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеӊештин депутаттары "Ар кыл маселелер" саатында өлкө аймагындагы мектептердеги көйгөйлөрдү аткаруу бийлигине тапшырышты.
Баткен районунун Сай айылындагы мектептин жаӊы имаратын куруу 2014-жылы башталып, ошол бойдон токтоп калган. Бүгүнкү күндө 400дөн ашуу окуучу мектептин эски имаратында 3 мөөнөт менен окуп жатканы маалым. Бул тууралуу депутат Искендер Гайпкулов маалымдады.
Депутат Дастан Бекешев Кочкор районунун Семиз-Бел айылындагы орто мектептин мугалимдер жамаатынан келген кайрылуу менен тааныштырды. Анда мугалимдердин эмгек акысына буга чейин 20 жылдан бери кошулуп келе жаткан 20 пайыздык коэффициент алып салынганы айтылган. Эл өкүлү мындай кадамдын себебин өкмөттөн талап кылды.
Ал эми депутат Руслан Казакбаев Ак-Талаа, Кочкор райондорунун бир катар мектептери авариялык абалда экенин тизмектеди.
"Ак-Талаанын Ак-Кыя айылындагы мектептин окуучулары, Кочкордун Ак-Кыя, Сары-Булак айылындагы мектептин окуучулары авариялык абалдагы имаратта, кооптуу жагдайда окуп жатышат. Жаз чыгары менен чатырда билим берүү улантылса, кыш киргенде айылдын клубунда окуу жүргүзүлүүдө. Сары-Булак айылындагы бала бакча дагы ушул клубда жайгашкан. 21-кылымдагы акыбал ушундай", - деди эл өкүлү.
Казакбаев мектеп боюнча кайрылуусун түз өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге багыттады.