Бүгүн, 28-февралда парламенттин жалпы жыйынында ар кандай маселе каралып жаткан учурда депутат Алмазбек Эргешов "Сары-Челек" коругуна барган туристтерден түшкөн каражаттын 20 пайызын жергиликтүү бюджетке калтырууну сунуштады.
Эл өкүлү быйыл "Сары-Челек" коругунун уюшулганына 60 жыл толуп жатканына токтолду.
"Деӊиз деӊгээлинен 1800 метр бийиктикте жайгашкан корук 24 миӊ гектар жерди ээлейт. Анда миңге жакын жаныбардын түрү бар. Коруктун тегерегинде 1200дөй түтүн эл жашайт.
"Сары-Челекке" Илим изилдөө институтунун филиалын ачып, изилдөөлөр жүргүзүлсө максатына жеткен болот. Мындан тышкары 5 миң сом алган токойчулардын айлыгын көтөрүү, айылдын инфратүзүмүн жакшыртуу үчүн бул аймакка туризмден түшкөн каражаттын 20 пайызын жергиликтүү бюджетке калтыруу керек", - деди Эргешов.