Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 3-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.
Бул мыйзам долбоорунун демилгечиси - депутат Дастан Бекешев.
"Бир катар чет өлкөлөр менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрында аяктайт, ошондуктан келишимдерди азыртан узартуу зарыл. Акыркы мезгилде атайын кызматтар терроризм менен экстремизм коркунучтарын мисал тартып, коопсуздук маселесин көтөрүүдө. Албетте, коопсуздукту унутпоо зарыл, бирок мыйзамдарды либералдаштыруудан да коркпош керек. Мындай катташуулар өлкөнүн экономикасын, анын ичинде туризм тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", - деди ал.
Депутат Исхак Масалиев Кыргыз өлкөсүнө акыркы жылдары Андорра, Сан-Марино, Чили, Аргентина мамлекеттеринен канча турист келгенине кызыкты.
Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу Кыргыз өлкөсүнө 2018-жылы аталган мамлекеттерден 500дөн ашык жаран киргенин билдирди.
Масалиев суроосуна так жооп ала албаганын айтып, кагаз түрүндө жооп берүүсүн талап кылды.
Мыйзам долбоору биринчи окууда каралганда өкмөт мурда келишим түзүлгөн 45 өлкөнүн тизмесине дагы 10 мамлекетти кошууну, 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартууну сунуштаган. Бирок депутаттардын демилгеси менен анын мөөнөтү 2025-жылга чейин деп сунушталды. Ошондой эле 55 өлкөнүн тизмесинен 3 өлкө - Болгария, Румыния, Кипр алып салынды.