Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору 2-окууда каралууда.
Аталган мыйзам долбоору жүк ташуучу унааларды ар дайым текшерүүгө алууга багытталганын ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.
КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев бул мыйзам долбооруна каршы экенин билдирди.
"Бул мыйзам долбоору ишкерлерге жана өндүрүшчүлөргө терс таасирин тийгизет. Ички иштер органынын кызматкерлери өлкө аймагынан чыкпаган жүктү текшерүүгө алат экен да. Биз ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдойбуз деп кайра буга окшогон мыйзам долбоорлорун кабыл алуу менен карама-каршы иш жасап жатабыз", - деди эл өкүлү.
"Ата Мекен" фракциясынан депутат Наталья Никитенко мындай норма мурдатан эле бар экенин айтып, бул мыйзам долбоору коррупцияга каршы күрөш үчүн кабыл алынып жатканын айтты.
Ал эми "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Экмат Байпакбаев фермер малдын этин сатып алуу же сатуу үчүн тиешелүү документти каяктан алышы керектигин сурады.
Курсан Асанов: "Айыл өкмөттөн барып тиешелүү документти алышат. Ал документтерди алуу менен айыл өкмөттө ким эмне менен алек болуп жатканы тууралуу толук маалымат болот. Ошондо уурдалып сатылган продукциялар жок болот. Ошондой эле айыл өкмөттөрдө тартип сакталат", - деп жооп берди ички иштер министринин орун басары.