Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеӊештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралды.
2-окуудагы мыйзам долбоорун Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрайымы Наталья Никитенко алып чыкты.
Сунушталган мыйзам долбоору жаӊы жылдан тарта бир катар кодекстер менен дал келтирүү максатында иштелип чыккан. Мыйзамдагы өзгөртүүлөр жана толуктоолор ички иштер органдарынын ишин мындан ары жакшыртууга багытталган.
Мыйзам долбоорун 1-окууда кароодо ички иштер органдарынын милдеттери же ички иштер органдарынын кызматкерлери өз компетенциясынын чектериндеги укуктары жаатында талкуу жаралган. Мындан сырткары, тынч чогулуштарда жалпыга маалымдоо каражаттарынын тоскоолдуксуз иштөөсүн камсыз кылуу жаатындагы ченемдерди, мыйзамдан четтетүүгө болбой турганы белгиленген. Бул багытта депутаттар Тынчтык Шайназаров, Алтынбек Жунус уулунун сунуштары 2-окууда эске алынган.
Долбоордогу айрым жагдайлар такталгандан кийин мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.