Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңеште "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору каралып жатат.
Анда депутат Алмазбек Акматов бүгүнкү күнгө чейин өз ыктыяры менен курал тапшыргандарга сыйлык берүүгө канча каражат кеткенин сурады.
Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев 2010-жылы жарандар өз ыктыяры менен 68 куралдын бирдигин тапшырганын айтты.
"Анда 543 миң сомдон ашык каражат жумшалган. 2012-жылы 12 куралдын бирдигине 80 миң сом каражат сарпталган", - деди Орозалиев.
Депутат Акматов бул өтө аз сумма экенин билдирди.
"Көмүскө базарларда бир автоматтын баасы 2 миң доллардан экен. Буга салыштырмалуу силердин сыйлык акыңар аздык кылбайбы?" - деди эл өкүлү.
Ички иштер министринин орун басары Кыргыз мамлекетинин учурдагы мүмкүнчүлүгү ушуга жетип жатканын айтып, азыркы токтомдо өз ыктыяры менен курал тапшыргандардын сыйлык акысы эки эсе көтөрүлүп жазылганын белгиледи.