Жалал-Абадда колу чынжыр менен байланып жүргөн кыз өз үйүнө кайтып баргысы келбей жатканы айтылды

Жалал-Абадда апасы тарабынан чынжырланган кыз үйүнө баргысы келбей жатканын айтууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда SUPER.KG порталына Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык кызмат көрсөтүү кызматынын башчысы Назира Жакыпова билдирди.

"Учурда кыз балдарды калыбына келтирүү "Акжол" борборундагы адистердин көзөмөлүндө болууда. Борбордун ичиндеги мектептен окуусун улантып жатат. Анын денесин кароо учурунда бир бутунун арт жагынан көк ала так табылган. Аны кыз апасы күрөк менен ургандан улам көгөргөнүн билдирди.

Кызматкерлер кыздын энеси менен да иш алып барып жатышат. 2-3 жума аралыгында иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен кыздын энесин энелик укугунан ажыратуу же кызды кайра энесине өткөрүп берүү маселеси каралат", - деди Жакыпова.

Ал эми кыздын апасы жергиликтүү каналдардын бирине берген маегинде кызы буга чейин жакшы окуп ар кандай ийримдерге катышып келгенин билдирген. "Акыркы учурда тарбиясы жок кыздарга кошулуп, жаман жолго түшүп, спирт ичимдиктерин ичип, тамеки чегип, көчөдө таң аткыча жүрө баштады, айласыздан аны чынжырлап туура жолго салгым келген", - деп билдирди.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Кечээ байпакчан, колуна чынжыр тагылган кыз ыйлап жаткан видео тараган. Кийин кыздын ата-энеси ал 6 айлык кезинде ажырашып кеткени жана аны апасы жалгыз тарбиялап келгени белгилүү болгон. Кийин өспүрүм кыз буга чейин да үйүнөн 2 жолу качып, кайра кайтарылганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан