Ош шаарында троллейбустар толугу менен автоматтык тейлөөгө өттү

Ош шаарында троллейбустар толугу менен автоматтык тейлөөгө өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы 28-февралда кабарлады.

Маалым болгондой, март айында автобустар да автоматтык тейлөөгө өтүшмөкчү.

"Буга чейин №1 каттамындагы 14 троллейбус автоматтык тейлөөгө өткөн болчу. Азыр №2 багыт боюнча каттаган троллейбустар да жол кирени электрондук карта менен кабыл ала башташты. Тактап айтканда, жалпы 28 троллейбус автоматташтырылган электрондук төлөм системи менен иштей баштады. Март айында автобустар да автоматтык тейлөөгө өтөт", - деп кабарлашты мэриядан.

Картаны алуу учурунда жарандарда паспорт жана ардагерлердин күбөлүгү болушу шарт. Картадагы балансты толуктоо үчүн терминалдар Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинде, ОшМУ, ОшТУ, ОшКУУ жогорку окуу жайларында орнотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bek_tash
2019-02-28 18:29:14
Жакшы болду, тыйын-тыпыр көтөрүп "жүдөбөй".
+6
bessmertiy
2019-02-28 18:51:16
Жакшысы го жакшы. Бирок кыкелер анын да жолун тааптыр. Чоң эле адамдар да мектеп картасы менен 1 сом төлөп кете берет экен. Бүгүн көрдүм чооң эле жашы 25тердеги бала мектеп картасы менен түшкөнүн.
+9
Sweetdream
2019-02-28 19:16:22
bessmertiy,Эми ар Бир троллейбуска контролёрлорду коюп текшерсе болот, Россиядагыдай)))
+5
Mamiev
2019-02-28 19:52:14
Өзбекче дагы кошуп койгула картадагы жазууга. Өзүбүздүн эне тилибиз унутулганы калды го. Картага кыргызча жазсанар болбойбу кыргызча которо албай жатсанар айткыла которуп берели биргелешип
+10
Appasition
2019-02-28 20:24:51
Биринчиден ким кандай карта которуп журот текшериш керек екинчиден биз Ош Россияда емеско кыргызча жазыш кыйынбы карточкага же емне кыргызча сифралар кымбат бекен кыргыз тил кыргыз тил деп ызылдашат чондор бирок кылган иши ушул кыргыз тилин онуктуробуз деп тил менен айтып койо берет екенда
+4
Flowhive
2019-02-28 20:42:42
6 сом эле го,мен Ошто жүргөндө
+1
kechirmeni
2019-03-01 10:47:24
Flowhive,тралик азыр да 6 сом
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан