Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоо 12-августта өтөт

Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарынын мэрин кайра шайлоо жана Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо 12-августта өтөт. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Сузак жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону КРнын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды. Эске сала кетсек, Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоо 17-июлга дайындалып, кворумдун жоктугунан шайлоо болгон эмес. Ал эми Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчыcы өзүнүн жазган арызынын негизинде кызматынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан