Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев: "Жогорку Кеңеш өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн эч нерсе жасаган жок"

Өткөн жылы өлкөгө келген инвестициянын көлөмү 31,5 пайызга азайды. Кытай Эл Республикасынан Кыргыз мамлекетине тикелей келген инвестиция 125 миллион АКШ долларын түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсеге азайган.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн аткарган ишине канааттанбай, өлкөдө өзгөчө инвестиция тартуу тарабы солгун деп сындап келишет. Фракциялык жыйындардын биринде өлкөгө тартылган инвестициянын суммасы Аскарбек Шадиевдин конфискацияланган мүлкүнөн да аз экендигин айтышкан.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн эмне иш жасады?" деген соболуна коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев жооп берди.

Ал мыйзамдар туруктуу эмес болуп жатканын айтты.
Менин оюмча, азыркы Жогорку Кеңеш өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн эч нерсе жасаган жок. Бизде инвестициялык климат толук бойдон жакшырып кетти деген ойдон алысмын. Инвестициялык климатты жакшыртууга мыйзамдарыбыз туруктуу эмес экенин көрсөттү. Ишке кирген сот реформасына байланыштуу болгон 5 кодекс, 2 мыйзамдын көп кемчиликтер менен пайда болгону, толкундоолорду алып келгени инвесторлордун ишеничин кетирип жатат. Инвестициянын көлөмүнүн төмөндөп кеткенинин бирден бир себеби мыйзамдардын туруктуу эместиги болуп саналат”, - дейт Чолпонбаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Зиядин Жамалдинов, Абдывахап Нурбаев, Айсулуу Мамашова жана экономист Айылчы Сарыбаевдин пикири бул шилтемеде.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан