28-февралда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Кыргыз жеринен картошка, алма жана курманы ташып кирүүгө киргизилген чектөөлөр боюнча Казак өкмөт башчысынын орун басары Женис Касымбек менен Астана шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Казак өкмөтүнүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, сүйлөшүүнүн соңунда фитосанитардык карантиндик көзөмөлдү күчөтүү маселеси боюнча жол картасына кол коюлду. Документ 17 пункттан турат. Анын алгачкы пункттары ушул жылдын февраль айынан июль айына чейинки аралыкта Кыргыз өлкөсүнүн Фитосанитардык кызматы тарабынан ишке ашырылышы керектиги белгиленген.
Сүйлөшүү учурунда Кыргыз тарап картошка, алма жана курманы ташып кирүүгө киргизилген чектөөнү алып салуу өтүнүчүн келтирген. Өз учурунда Казак өкмөтү чектөөнү алып салууга даяр экенин, бирок 2018-2019-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан ташылып келип жаткан жүктөрдү текшерүүдө 465 фитосанитардык талаптардын бузулушу каралып чыккандан кийин гана даяр экенин белгилеген.
19-февралдан тартып Казакстан Кыргыз жеринен картошка, алма жана курманы, Өзбекстандын аймагынан анардын ташылып кирүүсүнө тыюу салган. Мындай тыюу салуу картошкада алтын түстүү нематода деп аталган курт табылып жатканы, анар, алма, курма жемиштеринен Комстока куртунун табылышы себеп болгон.