ЖЫЛНААМА, 1-МАРТ: Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Осмонов 66 жашка толду

V чакырылыштагы "Ата Журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов 1953-жылы 1-мартта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында туулган.

Эмгек жолун 1970-жылы Совет районундагы (азыркы Кара-Кулжа) элге билим берүү бөлүмүндө статист-иш кагаздарын жүргүзүүчү адис болуп баштаган. Андан кийин Кара-Кулжа районундагы орто мектепте улук пионер-вожатый, жумушчу жаштар мектебинде орус тили жана адабияты мугалими болуп иштеген.

Курманбек Осмонов 1971-1973-жылдары СССР ИИМ аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн.
1973-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине укук таануучу адистиги боюнча тапшырган. Жогорку окуу жайын бүтүргөндөн кийин Ош облустук аткаруу комитетинде улук юрист болуп эмгектенген.
1981-1983-жылдары – облустун мамлекеттик арбитражында башкы арбитр, кийинки 4 жылда Кыргызстан Компартиясынын Ош обкомунда административдик органдар бөлүмүнүн инструктору;
1987-1991-жылдары – Ош шаардык сотунун төрагасы, Кыргызстан Компартиясынын БК мамлекеттик органдар менен байланыш жана мыйзам чыгаруу демилгеси боюнча топтун башчысы;
1991-1994-жылдары – Юстиция министрлигинин Сот органдары башкармалыгынын башчысы болуп иштеген;
1992-1994-жылдары – Юстиция министринин орун басары, биринчи орун басары;
1994-2000-жылдары – Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы;
2000-2002-жылдары – Жогорку Кеңештин депутаты;
2002-жылы Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри болуп дайындалган;
2003-жылы айкалыштыруу менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине бекитилген;
2004-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагалыгына шайланган. Бул кызмат ордунда 4 жыл иштеген. 2009-2010-жылдары – өзгөчө тапшырма боюнча элчи, тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп эмгектенген.
2010-жылдын октябрында “Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин мүчөсү.
Курманбек Осмонов “Даңк” медалы, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, Орусиянын коомдук биринчи даражадагы "Улуу Пётр" ордени менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи, жогорку квалификациялуу класстагы судьясы. Юстициянын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси, мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

1-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан