КТРКнын директорлугуна талапкерлердин саны 19дан 17ге кыскарды, алар бүгүн программалары менен тааныштырат

КТРКнын директорлугуна талапкердин саны 19дан 17ге кыскарды. Бул тууралуу кечээ, 28-февралда Байкоочу кеңештин курамы талапкерлер менен маектешүү жүргүзгөн учурда белгилүү болду. Бүгүн, 1-мартта КТРКны башкарууга күч сынашып жаткандар өздөрүнүн программасы менен тааныштырат.

Маектешүү учурунда мекеменин учурдагы директору Илим Карыпбеков талапкерликтен баш тарткан болчу. Мындан тышкары дагы бир талапкер Каарманбек Кулуев тизмеден четтетилди. Кулуев маектешүүнү скайп аркылуу жүргүзүүнү айткандан кийин Байкоочу кеңештин мүчөлөрү ушундай чечимге келишти.

КТРКнын директорлугуна талапкерлердин тизмеси:

1. Мирлан Самыйкожо;

2. Адил Турдукулов;

3. Болотбек Тиллебаев;

4. Ибраим Нуракун уулу;

5. Мирбек Мурзабеков;

6. Малика Курманова;

7. Галина Байтерекова;

8. Куттумидин Базаркулов;

9. Алим Токторов;

10. Сюита Соурбаева;

11. Дүйшөк Мамбетөмүров;

12. Эркинай Эшанкулова;

13. Сураган Досумбаев;

14. Ишен Айтмамбетов;

15. Абдухалил Акматов;

16. Замирбек Казакпай уулу;

17. Жайнак уулу Үсөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aliya-leyla
2019-03-01 10:02:02
Куттумидин Базаркулов ЖТРди жакшы кыла албады беле действительно да. Туура эмес роликти эфирге берип жиберген го
+1
pochtalyonin
2019-03-01 15:14:21
aliya-leyla, Кутя негизи тим эле койбоду да )))
0
kolyn
2019-03-01 10:34:52
Шайлоо 2019 өткөзүш керекпи ушуга дагын.Талапкерлерди 100гө жеткизиш керек эле."Майллуу жер" окшойт.
0
aerforce
2019-03-01 11:04:30
КТРканын охранасы менен уборщицасы эле калса керек ээ уят эле татыктуу адамдар жүрөт
+1
erjigit-e.15
2019-03-01 13:01:15
Илим ага эмне болуптур?
0
nargis
2019-03-01 17:09:47
Мирлан Самыйкожо татыктуу талапкер деп эсептейм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан