Депутат майнинг компанияларына өзүнчө тариф иштеп чыгууну сунуштады

Бүгүн, 1-мартта КСДП фракциясынын жыйынында депутат Азамат Арапбаев Кыргыз өлкөсүндө майнинг компаниялары иштеп жатканын айтты. “Майнинг компаниялар мамлекетке эч кандай пайда алып келбейт, салык төлөгөн жок. Аларга өзүнчө тариф иштеп чыгуу зарыл”, - деди депутат.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргыз өлкөсүндө майнинг компанияларга тыюу салынганын эске салды.

Депутаттын айтымында, CASA-1000 долбоорунун алкагында Жогорку Нарын ГЭС каскады менен "Датка-Кемин" жогорку чыӊалуудагы электр чордону бүтүп, ашыкча электр энергиясы экспорттолушу керек болчу.

Боронов аталган долбоор 2022-жылдан тарта иштей турганын билдирди.

Жыйында өкмөттүн энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, энергетика секторун өнүктүрүү багытындагы иши жөнүндө маселе каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан