Ысык-Көл облусунун Көк бөрү федерациясынын өкүлү: "Жыргалбек Саматовду кызматтан алуу мыйзамсыз болуп калды"

"Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматовду кызматынан алуу мыйзамсыз болуп калды". Мындай пикирин бүгүн, 1-мартта Ысык-Көл облусунун Көк бөрү федерациясынын президентинин орун басары Канат Хасанов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, федерациянын жыйыны эрежелерге ылайык уюштурулушу керек болчу.

"Жакында Көк бөрү федерациясынын жыйыны болуп, Жыргалбек Саматов кызматынан алынып, ордуна Искендер Кадыркулов президент болуп шайланганын билесиздер. Тилекке каршы, президентти шайлоо федерациянын эрежелерин одоно бузуу менен өттү. Кызматтан алуу же кызматка бекитүү алдын ала жыйындын күн тартибине киргизилиши керек эле. Өлкө боюнча федерациянын делегаттарынын жок дегенде жарымынан көбү катышышы керек болчу. Бирок андай болгон жок. Биринчиден, күн тартибине жаңы президент шайлоо киргизилген эмес. Экинчиден, жыйында 60-70 гана делегат отурду. Жалпы республикада 300дөй делегат бар. Демек, 150дөн ашык делегаттын катышуусусуз өткөн шайлоо жараксыз. 60-70 делегаттын жарымы да Саматов сөз сүйлөгөндөн кийин аны менен кошо чыгып кетти. Калган 30 делегат менен кантип шайлоо өтмөк эле?

Искендер Кадыркуловду көк бөрүгө күйгөн адам катары жакшы билем. Ал федерацияга кечээ эле келген киши эмес. Көп жылдан бери улуттук оюнубуздун өнүгүшүнө салым кошуп келет. Бирок, юрист катары айта кетсем, учурда Жыргалбек Саматов федерациянын мыйзамдуу президенти бойдон калууда", - деди Хасанов.

Белгилей кетсек, 27-февралда Көк бөрү федерациясынын курултайы өтүп, президент Жыргалбек Саматов "Астана шаарында өткөн Түрк тилдүү элдер ассоциациясынын жыйынына катышып кыргыз көк бөрүсүнүн намысын коргогон жок" деген жүйө менен кызматынан алынган. Анын ордуна федерациянын президенти болуп Искендер Кадыркулов шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан