Нурлан Мотуевдин Бишкектеги павильону менен тандыры алынып салды

Бишкек мэриясы Нурлан Мотуевдин шаардагы №11-мектептин жанына орноткон павильону менен тандырын алып салды. Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Мотуев павильон менен тандырын мектептин жанына 27-февраль күнү кечинде орноткон.

Ошол учурда мектеп директору мэрияга кайрылып, комиссия түзүлгөн. Анын жыйынтыгы менен акт түзүлүп, объекти мыйзамсыз коюлганы аныкталып, алып салуу боюнча чечим чыгарылган.

УКМК Мотуевге "терроризмге ачык чакыруу, терроризмди актоо" жана "улут, диний жана аймак аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, 2016-жылдын 13-майында кармаган. Бишкектин Свердлов райондук соту ошол эле жылдын август айында аны жети жылга эркинен ажыратып, сентябрдын аягында жатак абагына которгон.

Бирок Нурлан Мотуев кылмыш жоопкерчилигинен качкандыгы үчүн материалдар кайрадан тергөөгө өткөрүлүп берилген. Көп өтпөй Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Нурлан Мотуев жабык абакка которулуп, 2018-жылдын ноябрында эркиндикке чыккан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond02
2019-03-01 20:29:07
Нуке тандырынды жуктоп Ошко кел, ортодон бизнес баштайбыз.
+11
Rystambekkg
2019-03-02 13:13:00
Андай болсо Космо Парктын Алдындагы Гор Кенештин Депутаты Куванычбек Конгантиевке Карашту Кафе бар аны да алгыла баарына бирдей мыйзам иштейби же Кыйындарга тийешеси жокбу
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан