Эртең Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу токтотулат

2-мартта Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасы Ново-Южная подстанциясында оңдоо иштерин жүргүзгөнүнө байланыштуу Бишкектин бир катар аймактарында саат 09:00дөн 17:00гө чейин ичүүчү суу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, суу Лев Толстой, Жунусалиев, Айни жана Чайковский көчөлөрүндөгү турак үйлөр, мекемелерге убактылуу берилбейт.

Алар №55 орто мектеби, "Яшар" ишканасы, Жер иштетүү институту, "Кока-Кола", "Тамга-Таш ЛТД", "Лина", "Кыргызконьягы", "Комбинат" ишканаларында ичүүчү суу токтотулат.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан