Ички иштер министрлиги 1-январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерге киргизилген толуктоолорду айтты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамы жана мыйзам актыларына "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамына, Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизилип, айрым кемчиликтер жоюлган.
Маалыматка ылайык, Коопсуздук курун шаар ичинде жана шаар аймагынан сырткары жерде тагынбагандарга бирдей айып пул каралат. Мас абалында унаа башкарган айдоочуларга салынган айып пул бирдей тартипке келтирилет. Мурда баштапкы кодекс боюнча айдоочу мас абалын күбөлөндүрүүдөн баш тарткан учурда 5500 сом, ал эми күбөлөндүрүүдөн өтсө, 17 500 сом каралчу. Азыр бардык учурда 17 500 сом айып пул салынат. Ошондой эле жеке жактарга жана юридикалык жактарга бирдей айып пул салуу киргизилет. Эгерде салынган айып пулду 15 күндүн ичинде төлөсө, анда анын 50%ы гана төлөнөт деп жазылат маалыматта.