Ысык-Көлдөгү Тамга айыл өкмөтүнүн жасалма пальма сатып алуу үчүн жарыя бергени коомчулукта талкуу жаратты.
Жасалма пальмаларды сатып алуу боюнча Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы Адилет Дүйшембиев SUPER.KG порталына түшүндүрмө берди.
"Тамга менен Тосор айылы курорттук зона болгону үчүн инфраструктурасын жакшырталы деген ойдо, замандын талабына жараша деп ушундай чечим кабыл алганбыз. Биз муну айыл өкмөт өзүбүзчө ойлонуп отуруп жасаган жерибиз жок, элдин сунушун дагы эске алып талкууладык. Төрт-Күл айылына дагы пальма орнотулган. Азыр көрк берип турат. Пальмадан тышкары жарыктандыруу маселеси каралып, таштанды салуучу чакалар алынат. Борбордук көчөбүздө оңдоочу жерлер көп. Туристтер көп келет эмеспи. Сөзсүз оң таасирин берет. Жашылдандыруунун алкагында көчөт отургузуу да планыбызда бар", - деди Дүйшембиев.
Жасалма пальма сатып алуу үчүн жарыя 1-март күнү мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган. Белгилүү болгондой, 10 жасалма пальманы Тамга жана Тосор айылдарындагы көчөлөргө орнотуу пландалган. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом каралган.