Кыргыз спортчулары Словакияда өтүп жаткан мелдеште 3 медаль тагынышты

Кыргыз спортчулары Словакиянын борбору Братислава шаарында өтүп жаткан мелдеште 3 медаль тагынышты. Бул тууралуу Сууда сүзүү федерациясы билдирди.

Белгилүү болгондой, учурда Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 1 алтын жана 2 күмүш медаль бар.

"Сууда сүзүү боюнча өтүп жаткан мелдеште кыргыз спортчулары 3 медаль тагынышты. 100 метр аралыкта сүзүүдө Денис Петрашов 74 спортчуну артта калтырып биринчи орунду ээледи. Ал эми 50 метрлик дистанцияда Владислав Шулико жана 200 метрлик дистанцияда Елизавета Рогожникова марага экинчи болуп келишип күмүш медалды тагынышты", - деп айтылат маалыматта.

Мелдеш 1-марттан 3-мартка чейин уланып, 2020-жылы Токиодо өтө турган олимпиада оюндарына лицензиялар ойнотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан