Эки ай мурун ак жоолук салынган келин жашоо үчүн күрөшүп жатат. "Кызым боорун алмаштырууга муктаж" дейт апасы

Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылынын тургуну 24 жаштагы Айжамал Калыева бир жарым жылдан бери оор дарт менен алышып келе жатат. Ага боордогу альвеококкоз диагнозу коюлган. Эки ай мурун ак жоолук салынып турмушка чыккан. Тилекке каршы, үй-бүлөсү менен бактылуу күндөрдү өткөрүүнү кыялданган кыз азыр жашоо үчүн күрөшүүдө.

"Кызыбыз учурда үйдө, абалы оор. Операция жасоо үчүн тез арада Индияга алып барышыбыз керек болууда. Акча каражаты жок болуп, элден жардам сурайбыз. Былтыр бул жакта операция жасалган. Бирок дарыгерлер "боору жарабай калыптыр, алмаштыруу керек" дешти. Индияга анализдеринин жыйынтыгын жөнөтсөк "эки аптанын ичинде алып келгиле" деген жооп келди. Операция жасатууга 30-35 миң доллар керек экен", - деди Айжамалдын апасы.

Керебетте кыймылсыз жаткан Айжамал Калыева "Бир жарым жылдан бери оорунун азабын тартып келе жатам. Эки айда ичиме суу толуп калды. Суу трубка менен чыгат. Дарыланып жатканда аллергия пайда болуп, денеме бир нерселер да чыгып кетти" деди.

Айжамал Калыеванын жакындары кайрымдуу адамдардан жардам сурашат. Жардам берүү жолдору:

Элсом: 0704 85 74 35

KICB банкындагы эсеп:
1280096052885893 RUB
1280096052885994 KZT
1280096052884984 EUR
24 жаштагы Айжамалга жардам керек
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Sarinakg
2019-03-02 21:41:19
турмушка чыкпай турбаптырда айгып кетсин
-3
bema_bema
2019-03-02 23:24:39
Боор ооруган адам турмушка чыкканы болбойт,отушуп кетет.
0
Aikaaaa
2019-03-03 01:17:37
bema_bema,чын элеби???
+1
bema_bema
2019-03-03 09:42:02
Aikaaaa,Ооруп аткан учурда да,айыкканда болот .
0
Nargiza1987k
2019-03-02 23:40:59
Эртераак айыгып кет
+4
Gulnyr19
2019-03-03 03:24:03
Аллах шыпаасын берсин
+6
Krai
2019-03-03 13:28:50
Бул боор оору деген аттын очкур каяктан чыкты кесепеттей болуп кырып бутмой болду кыргызды неге бизден ошондой ооруларга операция жасалбайт
Индия Турцияга алып барып жасатып атышат макул болсо ошол аппараттын сатып алуу учун елден марафон кылсак деле 5 15 сомдон берип жардам кылат елек канчаоаган жарандарыбыз ушу боор оорудан запкы жеп атышат
+11
Aytur
2019-03-03 18:56:09
Индиядан Индустар Кыргвзстандан окуп кетип жатышат. Ошол аппаратураларды бизде да сатып алса тажрыйбалуу адистер жасайт болуш керек.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан