Бир аптанын ичинде эки "Эль-Класико". Үч күн мурун Испания Кубогунда кез келген "Реал" менен "Барселона" 3-мартка караган түнү Испания чемпиондугунун 26-турунун алкагында кайрадан беттешти.
Чемпиондук "Реал" үчүн реванш жасаганга мүмкүнчүлүк сыяктуу болду. Жыйынтыгында "Реал" өз үйүндө "Барселонага" 1:0 эсебинде жеңилип калды.
Жалгыз голду 26-мүнөттө каталондук команданын оюнчусу Иван Ракитич киргизди.