SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө байланышкан окурман Алайдан жүк ташуучу унаа менен кар ташып жатышкандар тууралуу айтып берди.
"1-мартта 30 мүнөт ичинде Алай тараптан келе жаткан 4 жүк ташуучу унаа кар жүктөп өтүштү. Унаада чогуу бара жаткандар кар сатыларын айтышты. Алайга барып, кайра келе жатканда 10го жакын унаанын кар жүктөп кетип баратканын көрдүм", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.