ЭЛДИК КАБАР: Ошто бала бакчада тарбиячыга белек берүү үчүн акча чогултуп жатышканын айткан окурман нааразычылыгын билдирди

Ошто Жапалак айыл өкмөтүндөгү бала бакчада тарбиячыга белек берүү үчүн акча чогултуп жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө байланышкан окурман билдирди.

"Тарбиячылар уялбай эле майрамга акча чогултуп калышкан. Балдарга тамак-аш, кийим-кече алып бергенди араң эптейбиз. Майрам деп акча чогултушканы ашыкча. Бербесең балаңа жакшы мамиле жасабайт. Акчаны ата-энелер комитети чогултуп жатат деп астына жазып коюшат, бирок өздөрү эле жазат. Ар майрамда ушундай. Иштеп акча тапкандарга билинбейт. Иши жок, араң тиричилик кылгандарга кыйын эле болуп жатат", - деп нааразычылыгын айтты.

Окурман жөнөткөн катта мугалимдерге майрамдык маанай тартуулоо максатында каражат топтолуп жатканына байланыштуу тарбиячыга белек берүү үчүн 100 сом, жардамчысына белек берүү үчүн 50 сомдон чогултулуп жатканы жазылган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (74)
Luna15
2019-03-03 19:57:48
20мин айлык мн кантип жашайбыз дейсизго,ошол айлыкты албай кемпирдин пенсиясы мн 4баласын багып отурган туугандарым бар,шугур деш керекда,колунда жокго кирбейсиз сиз эгер 20мин айлык ала турган болсонуз,балагада конул буруп кээде 100,150сом чыгарып койсонуз кедей болуп калбайсыз деп ойлойм
-2
Chagylgan2
2019-03-03 21:08:29
Luna15, ошол 20мин маяна алган адамдардын жол киреси, тушку тамагы, баш-аягы жок акча кармоолор жумушунан (паланчанын мааракеси, тукунчонун тою, палан райондун 80 жылдыгы, текшеруучулорго ж.б.деп), анан уй-булонун тамак ашы, кийим кечеси деп эсептей келсен ошол акчадан канча акча ашат, озун эсептечи?!!

Анан да мектептен, бала бакчадан ай сайын бир шылтоо менен топтомойлор.

Сен турмушта коргондон коро элегин коп экен, кичине чоной карындашым, анан жазып жур...
+4
Aikaaaa
2019-03-03 21:10:10
Менимче колунда жоктор, иштеген иши жоктор садикке бала беришпейт
-2
Chagylgan2
2019-03-03 21:23:33
Aikaaaa, доорубочу! Кыргызстанда баары май-кол, сут кол жашоодо жашаса жаштар талаалап тентип кетет беле ыя?!! Балдарын садикке берип арзыбаган маянага болсо да иштеген аялдар бар да.

Же мугалим, санитар, медсестра, уборщица ж.б. болуп Россиядан орустар келип иштеп берип жатышабы ыя?!!

Озунор Россияга барып орустардын короосун шыпырып, подьезд, туалеттерин жууп, тамагын кылып тапкан акчанарга кооп жатасынарбы ыя, акчалуу корунуп?!!
+4
talant87
2019-03-03 21:50:47
Негизи ошол кагазды кимиси тараты экен балларынан Берген Ким Берген болсода иштегендер болбосун
0
-Sumitra-
2019-03-03 21:59:24
Биз деле октябрда,жаны жылда,бердик эле.Эми 8-мартка дагы бердик 200сомдон.Тарбиячыга жардамчысына анан заведующийге соссуз беребиз.
+1
Dembele84
2019-03-03 22:33:57
Элдик кабардын темасы кучтуу болгон экен,дискуссия катуу болуп атат го )))
+1
010288
2019-03-03 23:07:38
Биз 50сомдон чогулттук
+1
Natura2018
2019-03-03 23:33:11
150 сом эмне болуп калыптыр биз 350-400 сомдон чогултушат ата- энелер канча ызылдасада болушпайт, ар бир праздникте.
+1
baku24
2019-03-03 23:57:06
атаңдын гөрүү дүнүйө. Медалдын эки тарабы бар деген ушу да.Берсең да балээ, бербесең да балээ. Ооба балдардын келечеги үчүн акчаны аябаш керек.Бирок бул акча барып ошо баланын билим денгээлин которүп жатабы кеп ушуда. Ооба тарбиячыга анын жардамчысына майрамдарда бериш керек белекти. Анчалык коп жыйнаштын кереги барбы, бүгүн 200дөн кийинки жылы ал үч жүз болот. Ошентип отуруп ал канчага жетет.Мына коррупция. Ал акчаны берип келип алып ата- эне да үцдө сүйлөнөт да тарбиячыңа мынча акчам кетти де
+1
baku24
2019-03-04 00:02:04
Аны уккан баланын психикасы бузулат.Бир мисал Эжем мындан 7.8 жыл мурда кызынын тарбиячысына майрамда шоколад алып барып берип келип.Бербесең бергендердин балдарындай кылып карабайт да деп кеткен акчасын айтып отурса кызы мен чоңойсом тарбиячы болом.Мага да ата - энелер апкелет да баламы жакшы кара деп анан ошондо сиздин кеткен шоколадыңызды апкелип берем а деген эле. Мына бала бакчадан балдарды пара алууга тарбиялап жатабыз.
+1
Jasa
2019-03-04 02:15:09
100 150 болсо ошого да нараазы болуп койгулачы
0
Jazu90
2019-03-04 02:30:24
Мугалимби тарбиячысы нянкабы 150 эмес 500 берсекда жарашат. Анткени алардын ошончо балага канча нерв кетирип жүрүшөт. Айлык аз.озубуз үйдө эки бала эмес бир баланы араң зорго карайбыз нерв болуп даже карай албай садике берип жатабыз.бирок майрамга ар бир ата эне акча берүүгө милдеттүү эмес,ким каалаганын, каалаган убакта берип койсо болот да,тарбиячылар туура түшүнүш керек.
+1
Zimzimemir
2019-03-04 08:01:52
Бул корунуш бардык жерде барда,орусияда жургон бизда беребиз хотя айлыктары нормально болсо деле бирок алар колунда жокторду тарбиячылар билишед жана 2баласы садике барышын аларга азыак же албай эле койушту отунушод.Бул проблеманыошентип чечип койсо бт элего
+1
Burul.Aitmatova
2019-03-04 12:46:40
Ушул кичинекей акча учун ушунча Бир чон жанжал чыгарган адам ким болсон дагы аябай уятын жок экен экенсин.150сом берип койсон Сенин эч жерин кемип кетпейт.Мисалы менин 4 балам бар экоо мектепке экоо садикте.Бул майрам жылына Бир эле жолу келет.Мен эжекесин кантип куттуктап койсом деп ойлоном, ортодо акча жыйнап бергенди туура кором .Тарбиячыга 150 сом эмес андан да кобуроок берсен жарашат.Анткени ал саартан кечке сенин баланды карап олтурат ошол жерде.Анын коп убактысы озунун баласына эмес сенин
+2
Burul.Aitmatova
2019-03-04 12:54:27
Сенин балана болунот убактысы.Канчалаган корупциянерлер журот,келип келип кичине Бир айлык алган тарбиячыларга асыласынар.
Ушинтип сасып ушак чыгаргандан коро тарбиячынын ордунда Бир Кун иштеп коргулочу билесинер ишинин оордугун.Мен садиктен баламды алып чыгып кеткиче балдардын ызы-чуусуна чыдабай башым ооруп кетет.Рахмат ошол тарбиячыларга эртеден кечке биздин балдарыбызды карап ,тарбия берип,билим берип жатканы учун.
+2
ikitaidesu
2019-03-04 14:02:35
Айланайын эки балама эки жүздөн төрт жүз сомду жөн эле берем. Ким карап турат буларды деп жалдырабай туура бала бакчага жеткирип коюп толгон токой иштерди бүтүрүп алам.
Жогоруда бирөө жазгандай самоордон аш жегени убактым жок Ошто жашасам дагы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан