Ырчы Нурбек Савитахунов: "Уулубуздун дарылануусуна керектүү каражат чогулуп, эсепти жаптык"

Ырчы Нурбек Савитахунов уулунун дарылануусуна керектүү болгон 45 миң доллар өлчөмүндөгү каражат чогулганын, буга байланыштуу банктарда ачылган эсептер жабылганын билдирди. Ал интернеттеги баракчасына билдирүү жазып, колдоо көрсөткөн адамдар аябай көп болгонун белгилеген.

"Бүгүн Альбина экөөбүз жагымдуу кабар менен бөлүшөлү деп турабыз. Сиздердин жардамыңыздар жана атын атагысы келбеген эки меценаттын жардамы менен Артурдун дарылануусун улантуу үчүн 45 миң доллар чогултуу максатыбызга жеттик. Бүгүн эсепти жабабыз", - деп жазат Савитахунов.

Ошондой эле өзгөчө балдардын ата-энелерине чыдамкайлык каалап өткөн. "Бул каражат Артурдун 2020-жылга чейинки дарылануусуна жетишине аракет кылабыз. Мындан ары Артурга окшогон балдарды, алардын ата-энелерин колдоо милдетибиз болуп калат. Өзгөчө балдардын ата-энелерине чыдамкайлык, балдары үчүн күрөшүүдө күч-кубат каалайбыз", - дейт ырчы.

Ырчы Нурбек Савитахунов жана анын жубайы актриса Альбина Бейшембиева уулу Артурдун аутизм менен жабыркай турганын февраль айынын башында айтып чыгышкан. Мындан улам каражат чогултуу башталган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Tolkun555
2019-03-03 20:06:45
Кудай шыпаасын берсин.Жадам берген адамдардан ыраазы болсун.Ар бир уйдо бакыт орноп балдардын бактылуу кулкусу жанырсын.
+13
aliya-leyla
2019-03-03 21:19:05
Айыгып кетсин. Аллахым шыпаасын берсин
+5
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-03-03 23:26:02
Аллахым шыпаа берсин.
+3
Aruwka.89
2019-03-03 23:38:02
Эми мындан да жакшы Кабарды кутобуз! Жаратканым колдосун
+7
baku24
2019-03-04 00:06:08
эми кудайым шыпаа берип сакайып кеткиле
+4
Nursbaike
2019-03-04 08:34:28
Аллахым мээримдуусун
+2
Sayragul
2019-03-04 12:50:26
Кудайым жардам берип айыгып кетсин . Ар бир бала ата-энеси, жакындары менен чын ден-соолукта каткырып гана кулуп балалыгын откорсо экен деп тилейбиз.
0
Nurbelek.
2019-03-04 12:59:15
Ал аутизм дегени кандай ооруу?
0
admin_portal
2019-03-04 13:03:04
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан