Базар-Коргон районундагы таза суу, жолдор тууралуу маселе талкууланды

"Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Базар-Коргон районунун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Маалымат ылайык, жолугушууда энергетика, экология, таза суу, жолдор тууралуу маселе талкууланды. Ошондой эле Арсланбаптагы туризмди өнүктүрүү тууралуу да сөз болду. Жолугушууга Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин, Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан