Парламент комитетинде Жалал-Абад облусу таза суу менен камсыздоо боюнча начар абалда экени айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Таза суу менен камсыз кылуу департаментинин башчысы Аскар Сулайманов билдирди.
"Жалал-Абад облусу таза суу менен камсыздоо боюнча начар абалда. 148 айыл таза суу менен камсыздалган эмес. Жалпы өлкө боюнча 386 айылда ичүүчү суу жок. Ал эми Баткен облусунун 34 пайызы таза суу менен камсыздалган эмес", - дейт Сулайманов.
Депутат Таалайбек Масабиров президент 2024-жылга чейин бардык аймактар таза суу менен камсыз болорун айтканын эске салды. Ал Жалал-Абаддын эли менен жолукканда дайыма таза суу маселеси козголо турганын билдирди.
Жыйында "Мырзаке, Дөң-Булак жана Куршаб жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын суу менен камсыздоо системин реабилитациялоо" долбооруна берилүүчү инвестициялык грант боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы макулдашуу каралууда.