Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңеште "Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча" коомдук талкуу өтүүдө.
"Мен негизи эч кимди жамандагым келбейт. Бирок маалымат берген юстиция министринин орун басарына айткым келет, силер бул мыйзам долбоорун 9 ай кармап отурдуңар. Укуктук жактан силер буга чейин эле толук карап чыгып, кандайдыр бир сунуштар болсо кат түрүндө беришиңер керек болчу. Бирок андай болгон жок. Мыйзам долбоорун карап чыгуу үчүн канча убакыт берилет?" - деди депутат Исхак Пирматов.
Буга депутат Мирлан Бакиров: "Мыйзам долбоору боюнча кандайдыр бир чечимге келүү үчүн өкмөткө 60 күн берилет", - деди.
Юстиция министринин орун басары буга канааттандырарлык жооп бере алган жок.
Депутат Бакиров Юстиция министринин орун басары Максатбек Эсеналиевге кайрылып: "Өкмөт жумушка ушундай мамиле жасап жатса кандай кылуу керек экенин билбейм", - деди.