Айыл чарба жерлерин өздөштүрүү боюнча коомдук талкууда депутаттар менен фермерлердин ортосунда талаш-тартыш жаралды

Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңеште "Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча" коомдук талкуу учурунда депутаттар менен фермерлердин ортосунда талаш-тартыш жаралды.

Коомдук талкууга катышкан "Балыкчы-Акжол ынтымагы" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Акжолтой Тукунов депутат Мирлан Бакировго: "Владимир Путинге "адамдагы кайсы сапатты жактырбайсыз?" деген суроо берилгенде, ал "саткындарды" деп жооп берген. Муну менен эмнени айткым келди, бүгүн сиздер ушул мыйзам долбоорун кабыл алып жатасыздар. Бул мыйзам долбоору иштеп кетсе жакшы, бирок жерлер колдон колго өтүп, эч кандай пайда алып келбесе сиз жооп беришиңиз керек болот. Мен сизге шайлоодо добуш берген жаран катары сизди жоопко тартууну талап кылам", - деди.

Буга депутат Мирлан Бакиров: "Бул мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн ар тараптуу ой-пикирлер айтылсын, эске алсын деген ниетте коомдук угууга койдук. Өйдө жакта отургандардан кайсы жактын шамалы келип жатканын эми түшүндүм. Коомдук талкууда ар кандай ойлор айтылат. Бирок оюңарды айтардан мурун мыйзам долбоору менен таанышып алсаңар", - деди.

Нарын облусунан келген фермер: "Бул мыйзам дорлбоору дагы талкууга коюлушу керек. Талкууну интернетке койгонуңар менен, аны аз эле адам талкуулап жатат", - деген оюн билдирди.

Депутат Исхак Пирматов: "Мыйзам долбоорун талкуулоо алдында кичине аны менен таанышып алып, анан талкууласаңар, оюңарга келгенди эле сүйлөй бербей. Өкмөт мыйзам долбоору боюнча сунуш бериши керек болчу, 9 ай бербей жүрүп алды. Аткаруу бийлиги сунуштабаса, биз адис белек?" - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан