Кыргыздар Сауд Арабияда маданиятсыз жүрүм-турумун көрсөтүп жатышат. Бул тууралуу интернеттин Бегимай Жаныбекова аттуу колдонуучусу жазды.
Буга чейин Сауд Арабиясында өтө турган "Көчмөндөр ааламы" аталышындагы фестивалга кыргыз элинин маданиятын көрсөтүү үчүн миңден ашык адам катышары жазылган. Аталган иш-чарага 90 өлкөнүн өкүлдөрү катышат.
"Кыргыз өлкөсүнүн маданият өкүлдөрү башка өлкөдө жүргөндө маданиятты унутпаса жакшы болор эле. Алар биздин мамлекеттин, улуттун жүзүн көрсөткөнү барганын эсинен чыгарбашы керек.
Сүрөттөгү жигиттер күн сайын калпак кийип жүрүшөт, бул мактанарлык жакшы көрүнүш, бирок өздөрүн алып жүрүүсү өтө жаман.
Азырынча бул жакка фестивалга катышуу үчүн 500 кыргыз келди. Бизди борбордон алыс эмес жерге жайгаштырышты. Ал жерде дасторкон швед столу, тилекке каршы бул бизге жарашпайт экен. Топтолгон эркектер тамакка жулунуп, бири-бири менен түртүшүп, тарелкаларына үйүп салып, суусундуктарды ящиги менен эле номерлерине көтөрүп кетип жатышат. Анын кесепетинен башка адамдар ачка калууда. Салып алган тамактарын түгөтө жебей, тарелкага таштап койгондору да кыжырды келтирет.
Айрымдары тамактанууга эртерээк келип алышып, ал жердеги кызматкерлерге ышкырып, кыйкырып, шаштырышат. Аларды арабдар таң калуу менен видео, сүрөткө тартып жатканын эске алышы керек", - деп жазган ал өзүнүн билдирүүсүндө.