Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеӊештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйыны өттү. Анда Түркия өкмөтү менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосунда саламаттыкты сактоо жана медицина тармактарындагы кызматташтыкка кыргыз-түрк достугу ооруканасын ачуу, биргелешип башкаруу тууралуу мыйзам долбоору каралды.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин айтуусунда, аталган мыйзам долбоорунда Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын ачылышы, анын бирдиктүү иштелиши жана кыргыз тарапка өткөрүлүп берилиши боюнча чаралар камтылган.
"Оорукана 3 жыл биргелешип пайдаланылган соӊ кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет. Ошону менен бирге түрк тарап оорукананын ишине байкоо жүргүзүү жана тескөө иштерин уланта бермекчи. Ошондой эле 3 жыл аралыгында башкы дарыгер түрк тараптан, ал эми анын орун басары кыргыз тараптан дайындалат", - дейт ал.
Андан тышкары түрк тарап эмгек акы төлөө үчүн 19 миллион доллар каражат бөлө турганы белгилүү болду. Ал эми арткан акча оорукананын эсебинде кала берет. Жылына 20 дарыгер жана 5 мектептин бүтүрүүчүсү бекер окутулат. Алар окуп келгенден кийин 3 жыл оорукананын өзүндө иштөөгө тийиш.