ИИМ: "Москвада кыргызды сабап жатат" деген билдирүүлөр чагымчылдык аракеттери"

Орусияда Кыргыз жарандары арасында мессенжер аркылуу "маселени чечүү үчүн чогула калгыла" деген билдирүү тарап жатат. Бул билдирүүнү угуп айрым мекендештер чогулган факты да катталган. Бул тууралуу Кыргыздын Ички иштер министрлигинин КМШ мамлекеттериндеги өкүлү Аскат Алиев өзүнүн социалдык жеке баракчасына жазып чыкты.

"Акыркы күндөрү WhatsApp группалардан "тез чогула калалы, башка улуттун балдары биздикилерди таарынтып коюптур" жана башка ушул сыяктуу ар кандай билдирүүлөр тарап, ошол замат массалык түрдө чогула калган фактылар болуп жатат. Тилекке каршы, мындай чогулуулардын арты жакшы менен бүтпөйт, трагедия менен аяктап, чогулгандар кылмыш жазасына тартылып калышы мүмкүн. Ошондуктан өзгөчө жаш муундардын өкүлдөрүнөн суранабыз. Мындай учурда провокацияга алдырбастан мыйзам чегинен чыкпай полицияга же болбосо Кыргыз Республикасынын ИИМнин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө кайрылууңуздар керек. Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт дегендей, саналуу мекендештердин мыйзам бузган терс көрүнүштөрү эмгектенип жүргөн жердештерибизге терс таасири тиерин унутпаныздар", - деп жазат Алиев.

Москва шаарында эмгектенип жүргөн мекендештер
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jergetal
2019-03-04 21:35:31
Ооба бизге да келди барсакпы дееп анан жол алыс болуп бара албай калдык
+2
tatynam_88
2019-03-04 23:51:20
Тыыыынч эле жургуло,эсен аман иштеп уйунорго барып кутура бересинер каалаганча
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан