2015-жылдын ноябрь айында парламенттин VI чакырылышынын коалициялык көпчүлүгү министрлер кабинетинин түзүмүн өзгөртүү чечимин кабыл алышкан. Мунун негизинде ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариев Энергетика жана өнөр жай министрлигин жоюу тууралуу жарлыкка кол койгон. Кийин министрликтин ордуна "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясы түзүлүп, андан бери бул тармакта бир топ кемчиликтер кеткени айтылып келди. Эми депутаттар өздөрү "Улуттук энергетикалык холдингди" жоюуну сунуштап, анда 43 бекерчи отурат деп сынга алышууда.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Депутаттар "Улуттук энергетикалык холдингди" жоюп, кайрадан Энергетика министрлигин түзүүнү сунушташууда. Мындай "реформалар" өлкөгө эмне жыйынтык берди?" деген соболуна энергетика боюнча эксперт Сапарбек Аргынбаев жооп берди.
Ал билдиргендей, депутаттардын арасында энергетиктер жок.
“Элдин айтымында, Жогорку Кеңеште базарком, бизнесмендер бар. Бирок энергетиктер жок. Ошолор отуруп алып энергетика көйгөйүн чечишет. Энергетика министрлигинин башкы кызматына куруучу, бухгалтерлерди коёт. Азыркы депутаттар бүгүнкү күнгө чейин энергетика боюнча мыйзамды кесипкөйлөргө таянып чыгарган жок. Эч качан кесипкөйлөргө таянып чечим чыгарышкан эмес. Өздөрүнүн кызыкчылыктарын гана коргошот. Энергетика тармагында көйгөйлөр министрлик түзүлсө эле чечилип калбайт. Министрлик түзүлсө кимди башкы кызматка алып келерин болжолдуу түрдө билебиз”, - дейт Аргынбаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров, энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев, экс-министр Картайбек Муканбетов, саясат таануучу Орозбек Молдалиев жана саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири төмөнкү шилтемеде.