Энергетиканын экс-министри Картайбек Муканбетов: "Энергетика тармагындагы реформалар чыгашадан башка эч нерсе алып келген жок"

2015-жылдын ноябрь айында парламенттин VI чакырылышынын коалициялык көпчүлүгү министрлер кабинетинин түзүмүн өзгөртүү чечимин кабыл алышкан. Мунун негизинде ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариев Энергетика жана өнөр жай министрлигин жоюу тууралуу жарлыкка кол койгон. Кийин министрликтин ордуна "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясы түзүлүп, андан бери бул тармакта бир топ кемчиликтер кеткени айтылып келди. Эми депутаттар өздөрү "Улуттук энергетикалык холдингди" жоюуну сунуштап, анда 43 бекерчи отурат деп сынга алышууда.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Депутаттар "Улуттук энергетикалык холдингди" жоюп, кайрадан Энергетика министрлигин түзүүнү сунушташууда. Мындай "реформалар" өлкөгө эмне жыйынтык берди?" деген соболуна энергетиканын экс-министри Картайбек Муканбетов жооп берди.

Анын айтымында, энергетика тармагындагы башкаруу системин реформалоо керек.
“Электр энергия тармагы чоң болгондуктан аны бөлүп же башка тармакты кошкон туура эмес. Менин оюмча, отун-энергетикалык комплексин түзүү зарыл. Электр энергия, көмүр, газ, мунай зат тармактарынын бардыгын бириктирип комплекс болуп түзүлсө жакшы болот. Мындай систем Орусияда жана башка жерде дагы бар. Башкаруу, көзөмөлдөө жеңил болуп, чыгашалар кескин азаят.
Буга чейинки энергетика тармагындагы реформалар чыгашадан башка эч нерсе алып келген жок. Убагында Энергетика министрлигин жоюуга каршы чыкканбыз. Бирок бизди эч ким уккан эмес”, - дейт Муканбетов.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров, энергетика боюнча эксперттер Сапарбек Аргынбаев, Расул Умбеталиев, саясат таануучу Орозбек Молдалиев жана саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан