Саясат таануучу Орозбек Молдалиев: "Бизде бир нерсени жоюп, кайра түзүү өнөкөт болуп калды"

2015-жылдын ноябрь айында парламенттин VI чакырылышынын коалициялык көпчүлүгү министрлер кабинетинин түзүмүн өзгөртүү чечимин кабыл алышкан. Мунун негизинде ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариев Энергетика жана өнөр жай министрлигин жоюу тууралуу жарлыкка кол койгон. Кийин министрликтин ордуна "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясы түзүлүп, андан бери бул тармакта бир топ кемчиликтер кеткени айтылып келди. Эми депутаттар өздөрү "Улуттук энергетикалык холдингди" жоюуну сунуштап, анда 43 бекерчи отурат деп сынга алышууда.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Депутаттар "Улуттук энергетикалык холдингди" жоюп, кайрадан Энергетика министрлигин түзүүнү сунушташууда. Мындай "реформалар" өлкөгө эмне жыйынтык берди?" деген соболуна саясат таануучу Орозбек Молдалиев жооп берди.

Ал бул жагдайда тармакты мыкты билген адистер менен кеңешүү керектигин айтты.
"Энергетикалык холдингди" түзгөндө 5-чакырылыштын депутаттары жактап беришкен. Министрликти жойсок, "Улуттук энергетикалык холдинг" заманбап болот, өнүккөнгө жардам берет, инвестиция тартууга да оңой болот дешкен. Ал эми ал түзүлгөндөн кийин ЖЭБдеги авария болуп кетти, андан башка да маселелер чыкты. Анан кимисинен кетти деп күнөө издегенде, “Энергетикалык холдингден” деген маселе чыгып жатат.
Буга бул тармакты мыкты билген адистер анализ жүргүзүшү керек. “Энергетикалык холдингден” эмнелер күтүлдү эле, эмне өзгөрдү, ал эми министрлик болгондо кандай жылыш болду эле деп салыштырышы керек. Бир структураны экинчи структурага өзгөртүп, анан аны кайра түзүп, бул нерсе канчалаган адамдын жумушуна тоскоолдуктарды жаратат. Бизде бир нерсени жоюп, кайра түзүү өнөкөт болуп калды.
Убагында холдинг түзүү аябай жакшы болот деп далилдешкен. Авария болгондо холдингдин күнөөсү барбы же жокпу, министрлик болгондо аны токтотуп калат беле ушунун баарын тыкыр анализдөө керек. Бизде энергетика тармагында тажрыбайлуу адистер бар, ошолордун пикирин угуу керек, анан жасашса жакшы болмок", - дейт Молдалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров, энергетика боюнча эксперттер Сапарбек Аргынбаев, Расул Умбеталиев, экс-министр Картайбек Муканбетов жана саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан