ЭЛДИК КАБАР: "Ала-Букада оңдолуп жаткан жолго орнотулган жаңы лотоктор бузулуп жатат" дейт окурман

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы оңдолуп жаткан жолго орнотулган жаңы лотоктор бузулуп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө байланышкан окурман билдирди.

"Ибраимов атындагы көчөдө жүрүп жаткан оңдоо иштери жашоочуларга ыңгайсыздык жаратып жаткандыгы айтылган эле. Кар жаап, суук болуп кеткендигине байланыштуу жол колдонууга бериле элек. Бирок анда коюлган лотоктор, бордюрлар четинен эзилип жаткандыгы кейитип жатат. Жазгы жамгырга туруштук бере алат бекен?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
elchi84
2019-03-04 20:46:29
Цементти эконом кылганда .
0
Flowhive
2019-03-04 22:08:13
Жасалма жумуртка жок дегендей ,жооп даяр да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан