Экс-МАИчилер Жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Талантбек Исаевди "тажрыйбасыз" деп күнөөлөштү

“ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Талантбек Исаев мурун бул тармакта иштеген эмес, ошондуктан кантип башкаруу керектигин билбейт”,- деди бүгүн, 25-июлда маалымат жыйынында Ноокат районунун Жол-кайгуул кызматынын мурунку кызматкери Ибрагим Ханбаев. Айтымында, Талантбек Исаевдин тажрыйбасынын жоктугу жол кырсыктарынын көбөйүшүнө алып келди. “Жакында эле Жети-Өгүз районунда 14 кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы болду. Бул ар бир райондо болгону экиден кызматкер иштеп, алар тартиптин сакталышын көзөмөлдөөгө жетишпегенинен улам келип чыкты. Мурун ар бир райондо 5-6дан кызматкер эмгектенчү”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан