"Кыргыз аялдары - тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн" аталыштагы форум өттү

Кечээ, 4-мартта Бишкек шаарында “Кыргыз аялдары - тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн” аталыштагы улуттук форум болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Наталья Никитенко, Альфия Самигуллина, өкмөттүк мекемелердин жана жарандык коомдун өкүлдөрү, аймактардан келген айым депутаттар катышты.

Форумда аялзатынын коомдогу ролу кеңири талкууланып, быйылкы “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылынын алкагындагы олуттуу делген маселелер көтөрүлдү. Жыйынга катышкан депутат айымдардын айтымында, жыл сайын өткөрүлгөн бул иш-чаранын максаты коомдогу маанилүү көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Андан тышкары аталган форум ар кайсы тармакта иштеген аялдардын кеңешип иш алып баруусу үчүн негизги аянтча катары кызмат кылат.

Ага ылайык, бүгүнкү жыйында да зордук-зомбулукту жоюу, гендерлик теңчиликти сактоо, коопсуздукту коргоо багытындагы маселелер айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан