Орусияда камактагы адамды өлтүргөн абактын кызматкери 12 жылга эркинен ажыратылды

Орусияда камактагы адамды өлтүргөн абактын кызматкери 12 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Клинцы шаарынын колониясынын мурунку кызматкеринин соттук иши боюнча соттун өкүмү чыкты. Тергөөчүлөр адам өлтүрүүгө шектелген кызматкер өткөн жылдын 22-июль күнү абактагы адамды жөндүү себеп жок болуп туруп колун отургучка кишендеп, кездеме менен башын ороп, оозун жана мурдун да жаап айып изоляторуна камап койгон.

"Камактагы адам ошол эле күнү дем жетпей асфиксиядан каза болуп калган. Сот кызматкерди 12 жыл эркинен ажыратты, ал жазасын күчөтүлгөн тартипте өтөйт. Ошондой эле соттолуучудан жабырлануучу тарапка 1 миллион рубль өндүрүлмөй болду", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан